Азия чемпионаты: Балбан Акжол Махмудов күмүш медаль тагынды

Ал 77 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттеште казакстандык Ибрагим Магомадовду утту. Жарым финалда ирандык Амир Али Абдини мөөнөттөн мурда жеңсе, финалда жапониялык Нао Кусакага 2:4 эсебинде жеңилип берди.

Азия чемпионаты Бишкектеги Арена спорт комплексинде өтүп жатат. Мелдешке Азиянын 30 мамлекетинен 600 спортчу катышууда.