Баткенде 16 жаштагы кыз бычактан алган жараатынан улам көз жумду

Аталган маалымат облустук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

«Учурда кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын жагдайын аныктоо максатында тиешелүү кызматтарга тергөө тапшырмалары берилди», — дешти милициядан.