Кыргызстандык эки балбан Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында финалга жолдомо алышты

Ал эми чейрек финалда өзбекстандык Бахромовду 23 секунддун ичинде 8:0 эсебинде жеңсе, жарым финалда ирандык балбанды 11:0 эсеби менен артта калтырды.

Раззак Бейшекеев 67 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, финалдык беттеште монголиялык Ганбая Намсраи аттуу балбанды 14:0 эсеби менен жеңди. Чейрек финалда казакстандык спортчуну 7:1 эсебинде утса, жарым финалда кореялык Чунг балбанды жеңип финалга жолдомо алды.

Финалдык беттештер бүгүн 18:00дө башталат.

Азия чемпионаты Бишкектеги Арена спорт комплексинде өтүп жатат. Мелдешке Азиянын 30 мамлекетинен 600 спортчу катышууда.