Ноокенде экскаватордун айдоочусу коюп кеткен 41 жаштагы аял көз жумду

Маалыматка ылайык, 25-мартта Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагында жолдун курулушунда иштегкн экскаватордун 23 жаштагы айдоочусу артынан өтүп бара жаткан 41 жаштагы аялды көрбөй калып, тепселеп кеткен. Аял жараатынан улам жеринде каза тапкан.

Аталган факт Ноокен РИИБинде катталып, «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Тиешелүү экспертизалар дайындалган соң 13-апрелде камаккк алынган шектүү 15-апрелде Ноокен райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды.

«Видеотасмада жабырлануучу тарап окуянын чоо-жайын түшүнбөй, тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук жараткан. Бул учур “Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү” болуп катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат», — дешти милициядан.