Президенттик администрация «Соростун» ишин токтотуу чечимин «таң калуу менен» кабыл алды

«Фонд ишмердүүлүгүн токтотуу чечимин Жогорку Кеңеш кабыл алынган “Чет элдик өкүл” жөнүндөгү мыйзамга байланыштырганы президенттик администрацияны таң калтырды. [...] Алар Украина менен Грузиядан тышкары Борбордук Азия жана Чыгыш Европадагы бардык кеңселерин жапты. Көпчүлүк аймактык долбоорлор олуттуу кыскартылды же толугу менен жабылды», — деди ал.

Ошондой эле администрациянын өкүлү «Сорос» фонду «Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийинки 30 жылда мыйзамдуулукту бекемдөө жана жарандык коомду өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымын жогору баалай тургандыгын» белгилеп, «Ачык коом» институту менен мындан ары да кызматташууну чыдамсыздык менен күтөрүн кошумчалады.

«Сорос-Кыргызстан» фонду 15-апрелде «Чет элдик өкүл» жөнүндөгү мыйзамга байланыштуу ишмердүүлүгүн токтотконун жарыялаган.

«Чет элдик өкүл» мыйзамына президент 2-апрелде кол койгон. Жапаровдун айтымында, бул мыйзам өлкөгө пайда гана алып келет, анткени баары ачык жана бирдей шартта иштейт.

Ал эми жергиликтүү жана эл аралык уюмдар мыйзамдагы жоболор уюмдарынын ишин чектеп, ачык репрессияга алып келерин айтып келишет.