«Сорос-Кыргызстан» уюму ишмердүүлүгүн токтотот

«Фонд жергиликтүү коммерциялык эмес уюм, бирок чет өлкөдөн каржылангандыктан жаңы мыйзамдык чектөөлөргө дуушар болот. Андан тышкары “саясий ишмердүүлүк” түшүнүгүнүн ашкере чаржайыт аныктамасы фонд үчүн да, анын өнөктөштөрү үчүн да терс кесепеттерге же күтүлбөгөн тобокелдиктерге алып келмекчи», — деп айтылат билдирүүдө.

«Ачык коом» фондунун президенти Бинайфер Новрежи уюм 30 жылдан бери өлкөдөгү бүткүл карапайым элге колдоо көрсөтүп келгенин белгиледи.

«Фонд ишмердүүлүгүн мындан ары улана албай турганына терең өкүнөбүз жана жаңы репрессивдүү мыйзам жарандык коом үчүн белгисиздик менен коркунуч атмосферасын жаратат деген пикирдебиз», — деди ал.