«Спартак» стадионуна таандык болгон наркы 18.3 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

«Стадиондун кичи аренасынын аймагына таандык болгон жер мурда бир нече жолу сатылып кеткени аныкталды. Азыркы ээси тарабынан наркы 18 млн 300 миң сомдук 0,0713 гектар жер муниципалдык менчикке кайтарымсыз түрдө өткөрүп берилди», — деп айтылат билдирүүдө.

Атайын кызматтан Жер кодекси менен калаанын планына ылайык, калктуу аймактагы жалпы пайдалануудагы жерлер менчикке берилбей турганын кошумчалашты. Азыркы тапта ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо иштери уланууда.