Азия чемпионаты: Грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбандары 2-орунду ээледи

60 килограмм салмакта күч сынашкан Жоламан Шаршенбеков алтын медалды багындырса, 67 килограмм салмакта таймашкан Раззак Бейшекеев жана 77 килограмм салмакта күч сынашкан Акжол Махмудов күмүш медаль тагынды.

Ал эми 55 килограмм салмакта Улан Муратбек уулу, 82 килограмм салмакта Бекзат Ормонкул уулу жана 130 килограмм салмакта күч сынашкан Эрлан Манатбеков коло медалдын ээси болушту.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдештер 15-16-апрель күндөрү Бишкектеги Арена спорт комплексинде өттү. Анда жалпы 10 медаль топтому ойнотулуп, ата мекендик спортчулар 10 салмак ченинде күч сынашты.