Бонецкий лабораториясы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен соттошот

Лабораториянын айтымында, 2020-жылы алар мамлекеттин чукул арада Covid-19’га ПЦР-тестирлөө боюнча кошумча лаборатория уюштуруу керек деген өтүнүчүнө биринчилерден болуп кол сунган.

«ПЦР-тестке калктын талабынын кескин өсүшү пандемияга жана өлкөдөн сыртка чыккан жарандарга мындай тесттин милдеттүү түрдө талап кылынгандыгына байланыштуу болгон. Бирок ал жагдайдын, Антимоноплия кызматы өзүнүн чечиминде “монополиялык жогорку бааларды койгон” деп далилдөөгө аракет кылгандай, биздин компанияга эч кандай тиешеси жок», — деп билдирди лаборатория.

Ишкана Антимонополия кызматынын буга чейинки билдирүүсүн популисттик, ал коомчулукта компаниянын ишмердүүлүгүнө карата терс пикир жаратуу максатын көздөйт, ошондой эле лабораториянын өзүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылуу укугунан ажыратууга аракет кылууда деп эсептейт.

16-апрелде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы лаборатория Covid-19 учурунда үстөмдүк абалын пайдаланып, короновирусту аныктоочу тест жүргүзүү кызматынын баасын кескин көтөрүп жибергенин билдирип, лабораторияга 423 млн сом айып салууну чечкен.