Депутат балдарды зордуктоо үчүн жазаны күчөтүүнү сунуштады

«Жакын эле ал жакта министр Куандык Бишимбаев аялы Салтанат Нукенованы сабап өлтүрүп салган экен. Бир ай болду ачык сот жыйыны болуп жатат. Казакстан мына ушунун негизинде мыйзам кабыл алды, “Салтанаттын мыйзамы” деп аталып калды. Эми, эгер адамга кол көтөрүп, кымындай эле көгала так болсо, кылмыш ишин козгошо. Бизге да ошондой мыйзам керек, жазаны күчөтүш үчүн», — деди Мажитова.

Казакстанда аялын өлтүрүүгө айыпталып жаткан экс-министр Куандык Бишимбаевдин чуулгандуу сотунун шартында ур-токмокту криминиалдыштырган, ошондой эле үй-бүлөлүк жана балдарга зомбулук үчүн жазаны күчөткөн мыйзам кабыл алынган.