❗️Кыргызстанда TikTok соцтармагы 18-апрелден тарта бөгөттөлөт

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары өлкөдөгү интернет-провайдерлерге министрликке караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынан Кыргызстандын аймагында Tiktok’ко кирүүнү чектөө жөнүндө кат келгенин жазышкан.

Санараптик өнүктүрүү министрлиги бул чаралар УКМКнын катынын негизинде көрүлүп жатканын билдирди.

«Мындай чечим чыгарууга TikTok тарабынан "Балдардын ден соолугуна, психикасына, руханий жана адеп-ахлагына зыян келтирүүнү алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө" мыйзамда каралган шарттар сакталбаганы себеп болгон. Мыйзамда кандай маалыматтар балдардын саламаттыгына, өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизери аныкталып көрсөтүлгөн», — деп айтылат билдирүүдө.