Ленин райондук ИИБнин тергөөчүсү пара талап кылууга шектелип кармалды

Маалыматта шектүү кылмыш иши боюнча маселени оң чечүү үчүн айыпталуучу тараптан 180 миң сом акча талап кылганы айтылат. Аны менен катар, параза опузалоодо айыпталуучуга коюлган беренени татаалына алмаштырам деген коркутуу болгону баса белгиленет.

Атайын кызмат кармалган тергөөчү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө уланып жатканын кошумчалады.