Орусиянын Шереметьево аэропортунда 20 кыргызстандык Москвага өтө албай турганы айтылды

Маалыматта мекендештердин айланасындагы кырдаалга Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы элчилик менен бирге көз салып жатканы, аэропорттогу жарандар тамак-аш менен камсыз болгону айтылат.

«Учурда аларды жакынкы каттамдар менен Кыргызстанга жиберүү маселеси каралып жатат», — деп кошумчалайт ТИМнин басма сөз кызматы.

Мекеменин 1-апрелдеги маалыматы боюнча, акыркы убактарда 69 кыргыз жараны түрдүү себептер менен Орусияга киргизилген эмес.

Москвадагы «Крокус Сити Холлдогу» терактан кийин ТИМ зарыл иши болбогон кыргызстандыктарды Орусияга баруудан убактылуу карманып турууга чакырган.