❗️Бостери: 23 жаштагы Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча төрт тургун 15 жылга камалды

Ошондой эле айыпталуучулардын ар биринен жабырлануучу тарапка моралдык зыян келтиргени үчүн 250 миң сомдон компенсация өндүрүлгөн. Андан сырткары 180 миң сом материалдык зыян төлөп беришкен.

Бостериге эс алууга барган маркум Талас облусунун тургуну Бекбол Аманкуловдун сөөгү 2023-жылдын 6-августунда «Алтын кум» пансионатынан табылган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип, 33 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну, 29-30 жаштардагы Ысык-Көл облусунун 3 тургуну кармалган. Андан тышкары кылмышты жашырган деген шек менен бир нече милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголгон.