Чет элдик жаранды зордуктоого шектелген актёр Чыңгыз Мамаев толук акталды

Мамаевдин чет элдик аялды зордуктоого шектелип кармалганы тууралуу 2022-жылдын апрелинде белгилүү болгон. Ал Свердлов райондук сотунун чечими менен 30-августка чейин ТИЗО-1ге камакка алынып, 9 айдан кийин —өткөн жылдын январь айында үй камагына чыгарылган.

Чыңгыз Мамаев — театр жана кино актёру. 2012-жылы акын Алыкул Осмонов тууралуу «Мезгил жана Алыкул» аттуу биографиялык тасмада башкы каармандын ролун жараткан.