Депутат Айдарова Ички иштер министрин кызматтан алууну талап кылды

Айдарованын айтымында, Ниязбеков «ИИМдин кызматкерлерине көңүл бурбай, жеке иштери менен алектенет». Ошондой эле эл өкүлү министр «кызматка келгенден бери кылмыштуулук көбөйүп, коррупциянын саны өскөнүн, статистикада мындай болгон эместигин» белгиледи.

«Министр өзүнүн бизнестери менен эле алек, кызматкерлерине кам көрбөйт. ИИМге барып карасаңыздар. Деңгээлибиз ылдый болуп кетти. [...] Урматтуу Садыр Нургожоевич, ушул кишинин ордун карап коюнузчу, сураныч. Азыркы кезде бул министр кызматта отурганга моралдык укугу жок. Элди, кызматкерлерди алдап жатат», — деди Айдарова.

Ички иштер министрлиги да, Ниязбековдун өзү да Айдарованын сөзү боюнча комментарий бере элек.

Улан Ниязбеков 2020-жылдын октябрынан бери Ички иштер министрлигин жетектеп келген. Аны бул кызматка ошол кездеги премьер-министр болуп турган Садыр Жапаров дайындаган.