Элмирбек Иманалиевге «Эмгек баатыры» наамы ыйгарылды

Аны менен катар, манасчы Рысбай Исковго «Кыргыз Республикасынын Эл артисти», «Манас» театрынын директору Азиз Биймырза уулуна «Даңк» медалы, төкмө акын Баян Акматовго «Маданиятка эмгек сиңирген ишмер» ардак наамы ыйгарылды.

Төкмө акын Изат Айдаркулова жана дастанчы Улукбек Токтоболот уулу Ардак грамота менен сыйланышты.