Камчыбек Ташиев баңгизат бизнесине каршы «аёосуз күрөш» жарыяланарын билдирди

«Мурда баңгизатты жерден өстүрүп чыгарышкан болсо, азыркы күндө синтетикалык баңгизаттарды колдонуу көбөйдү. Биздин өлкөдө лабораториялар да көбөйдү. Анын заттарын башка өлкөлөрдөн алып келишет», — деп билдирди Ташиев.

Ал «укук коргоо орган кызматкерлери наркобарондор менен биригип кетип жатканын» кошумчалады. Анын айтымында, бир жарым жылда бул бизнести «калкалап», баңгизат саткан 12 милиционер кармалып, жоопко тартылган.

Өткөн аптада Бишкектеги эки ишканада баңгизаттын бар-жогун аныктоо үчүн тинтүү жүргөн. Күбөлөрдүн айтымында, күч кызматкрелери кардарларды тээп, автоматтын приклады менен уруп, аял менен эркектердин жүрүм-тууруму тууралуу «адеп-ахлактык маектерди» жүргүзүшкөн.