Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жаңы имаратынын ачылышы өттү

Театр үчүн имарат 2022-жылдын жай айларында курулуп баштаган. Эки кабатынын жалпы аянты 1 миң 600 чарчы метрди түзөт. Чыгармачыл адамдардын ыңгайлуулугу үчүн кенен кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жана 300 орундуу концерттик зал бар.

Театр 2021-жылдын сентябрында «Манас» эпосун сактоо жана жайылтуу максатында түзүлүп, 2022-жылы президенттин жарлыгы менен улуттук макамы берилген.