Кыргызстанда көптөгөн колдонуучуларда TikTok иштебей калды

Буга чейин Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы интернет-провайдерлерге Кыргызстандын аймагында Tiktok’ко кирүүнү чектөө жөнүндө кат жолдогон. Министрлик мындай чара УКМКнын катынын негизинде көрүлүп жатканын билдирген.

Мындай чечим чыгарууга TikTok тарабынан «Балдардын ден соолугуна, психикасына, руханий жана адеп-ахлагына зыян келтирүүнү алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө» мыйзамында каралган беренелер сакталбай жатканы себеп болгон.