Маммүлктү башкаруу агенттиги Көлбаев менен Матраимовдун кыймылсыз мүлктөрүн сатыкка койду

Аукционго Бишкек, Ош, Ысык-Көл жана Чүй облустарында жайгашкан 10 жер участогу, батир жана кеңселер коюлду. Көлбаев менен Матраимовдун активдеринин баштапкы баасы 5 млн сомдон 150 млн сомго чейин болууда.

Учурда Матраимов камакта. Ал марттын аягында УКМК тарабынан Азербайжандан Кыргызстанга экстрадицияланып алып келинген. Ага кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу жана эркиндиктен мыйзамсыз ажыратуу иштери боюнча айып тагылган. Бийлик андан тийгизген зыян үчүн кенемте катары дагы 200 млн доллар өндүрмөкчү.

Көлбаев 2023-жылдын октябрында аны кармоо боюнча атайын операцияда жок кылынган. УКМК кримтөбөл куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн «жок кылынганын» билдирген. Андан кийин кримтөбөлгө таандык 720 батир мамлекетке өткөн.