❗️УКМК адам органдарын соодалоо менен алектенген топтун иши бөгөттөлгөнүн билдирди

Андан ары Кыргызстандын аймагында «жалдоочулар» акчалай сыйлык үчүн донорлорду таап, аларды алдоо жолу менен ички органдарын трансплантациялоо үчүн берүүгө азгырышкан.

Донорлор медициналык текшерүүдөн өтүп, бирок органдын абалына карабастан оң корутунду чыгарылып келген. Ошондой эле ар кандай жолдор менен бейтап менен болгон мамилеси тууралуу жасалма документтерди жасашып, өлкөдөн тышкары чыгып турушкан.

«Донорлор бир бөйрөгү үчүн орто эсеп менен 1 миң доллардан 7 миң долларга чейин, жалдоочулар ар бир донор үчүн 3 миң долларга чейин алышкан, ал эми акчанын олуттуу бөлүгү каналдын уюштуруучусуна — 30 миңден 70 миң долларга чейин түшүп турган», — деп айтылат билдирүүдө.

17-апрелде кезектеги донорду өлкөдөн чыгарып кетүү учурунда «Манас» аэропортунун аймагынан эки тургун кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери уланууда.