Алай районундагы баасы 65 миллион сомду түзгөн автобекет мамлекетке кайтарылды

«Текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик акционердик коомдун жооптуу адамдары мамлекеттик ишкананын акцияларынын 70%ын, жалпы аянты 0,42 гектарга жакын жер тилкесин жана 135 чарчы метрди түзгөн административдик имаратын сатып жиберген», — деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

Бул аралыкта объект коомдук базар катары иштеп, соода түйүндөрүн ижарага берүүдөн айына 500 миң сомго жакын каражат жеке адамдын чөнтөгүнө түшүп турганы аныкталган. Ал эми такси айдоочулар башаламан автостанцияларды уюштурууга аргасыз болгон деп кошумчалайт УКМК.