Антимонополия кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Акжолтой Тукунов кармалды

Анын адвокаты Умар Молдобеков Тукуновго башында «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренси боюнча айып тагылганын, бирок Аламүдүн райсотунда баш коргоо чарасы каралып жатканда берене «Массалык башаламандыктар» беренсине өзгөртүлгөнүн билдирди. «Азаттыктын» маалыматына ылайык, кылмыш иши анын Фейсбук барагында 2021-жылы жарыялаган видеосуна байланыштуу козголгон. Милиция азырынча Тукуновдун кармалганы боюнча үн ката элек.

Акжолтой Тукунов 2022-жылдын июнунан 2023-жылдын апрелине чейин Антимонополия кызматынын башчысынын орун басары болгон. Ал ар кандай нааразылык акцияларына, анын ичинде 2022-жылы казинону мыйзамдаштырууга каршы митиндерине катышкан.