Кара-Көлдө алты жашар кызга ыдык көрсөтүүгө шектелип 62 жаштагы киши кармалды

Секелек кызды зордуктоо аракети болгонун милицияга 11-апрель күнү жабырлануучунун апасы кабарлаган. Териштирүүдө окуя 2023-жылдын март айында болгону аныкталган. «Ыплас аракеттер» беренеси менен иш козголуп, шектүү камакка алынды. Тергөө уланууда.

6 жаштагы кыздын апасы «Турмушка» маек куруп, кошунасы кызга эки жолу ыдык көрсөткөнүн айткан. Алгач кызы тез-тез дааратканага барып жатканынан дарыгерге көрсөткөн. Алар зордуктоонун белгилери бар экенин ырасташкан.

«Октябрда эшик алдында ойноп жаткан кызымды таппай калдык, издедик. Кошуна тараптан өңү бозоруп келатканын атасы көрүптүр. Сөзгө салганымда кошуна сарайга алып киргенин, ыйласа колго, бутка чапкылап, шымын чечип, колу менен кармалаганын айтып берди, — деген аял.

Анда кыздын тагдырын талкалап албайлы деп милицияга арыз жазбай койгон. Кийин окуя 31-мартта кайталанган.