Ниязбеков дайындалгандан бери «алгылыктуу иштер» жасалды — ИИМ депутат Айдаровага жооп берди

Мекеме Ниязбеков жетекчилик кызматка дайындалгандан бери министрлик жана анын бөлүктөрү тарабынан алгылыктуу иштер жасалып, укук тартибин сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө багытталган бир катар иш-чаралар өткөрүлгөнүн билдиришти.

«ЖК депутаты, мурдагы тергөөчү Айгүл Айдарова ИИМдин жетекчилигин жана укук тартибин тиешелүү деңгээлде камсыз кылуу, эмгек шарттарын жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды коомчулукка терс мүнөздө көрсөтүү үчүн колдон келишинче аракет кылып жатканы байкалууда. Буга байланыштуу, депутат айымды негизсиз сындоодон алыс болуп, калыс позицияны карманууга чакырабыз», — деп айтылат алардын билдирүүсүндө.