Саламаттык сактоо министри адам органдарын сатууга шектелген көмүскө канал тууралуу комментарий берди

«Кыргызстанда кимдир бирөө өз каалоосу менен донор болушу мүмкүн эмес. Саламаттыкты сактоо министрлиги менен укук коргоо органдарынын адистеринен түзүлгөн команда донор менен бейтаптын туугандык байланышын текшерет», – деди министр.

Аны менен катар, жарандар чет өлкөлөргө чыгып кетип, ошол жакта орган алмаштыруу болгону тууралуу маалыматтар бар экенин, бирок Кыргызстанда операциялар мыйзамдын чегинде ишке аша турганын кошумчалады.

18-апрелде УКМК адам органдарын сатуу менен алектенген эл аралык кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлганын маалымдаган.

Анда Кыргызстандын аймагында «жалдоочулар» донорлорду таап, аларды алдоо жолу менен ички органдарын трансплантациялоо үчүн берүүгө азгырышканы айтылган.