Талас: Коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы мамлекетке 6 млн сом зыян келтиргени аныкталды

Ишкананын жооптуу жетекчилерине жана кызматкерлерине «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Учурда иштин бардык жагдайларын, коррупциялык схемага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча териштирүү жүрүүдө.