❗Жогорку сот Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө салынган тыюуну күчүндө калтырды

«Соттун бул чечимдери толугу менен мыйзамсыз. Ал биздин Конституцияга, анын талаптарына жана “Тынч жыйындар жөнүндө” мыйзамга да каршы келет», — деп билдирди адвокат.

Калаа борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салынганына эки жылдан ашты. Биринчи жолу митинг өткөрүүгө тыюу 2022-жылы, Орусия элчилигинин алдында Украинаны колдогон бир нече согушка каршы акциялар өткөндөн кийин салынган. Андан бери тыюу үч ай сайын узарытылып келет.

Тыюу мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларга жайылтылбайт. Андан башкасынын баары Горький атындагы скверде гана өтүшү керек.