Бишкек: «Улуу-Тоо» ресторанында массалык уулануу катталды

Массалык уулануу Сухэ-Батор көчөсүндөгү «Улуу-Тоо» ресторанынында болгон. 27 адам 15-апрелде, 12 киши 18-апрелде ууланган.

Бул боюнча териштирүү башталып, тамактануучу жайдын 31 кызматкери кароодон өттү. Азыр лабораториялык изилдөөлөр жүрүп жатат.

Ал эми ресторандын иши токтотулуп, ээсине 13 миң сом айып салынды.