Кыргызстанга расмий сапары менен Улуу Британиянын ТИМ башчысы келет

Сапар учурунда эки өлкөнүн тышкы саясий мекемелеринин башчыларынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, алар кыргыз-британ кызматташтыгынын алдыңкы келечегин талкуулашары белгиленди. Ошондой эле Кэмерондун президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен жолугушуусу пландалып жатат.