❗️Ош облусунда селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Жантаев аймактагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн макулдашылган аракеттеринин зарылдыгын белгиледи.

20-апрелдин кечинде катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Кыя айылында 12 турак үйдүн жертөлөсүнө суу кирсе, Ылай-Талаа айылында 20 турак үйдүн короолорун сел каптап, бешөөсүнө суу кирген.

Андан сырткары Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 41-чакырымын суу каптаган. Аталган аймактарда ӨКМдин жергиликтүү бөлүмдөрү ишке тартылып, селден тазалоо иштери уланууда.