Аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жабырлануучу Октябрь райондук милициясына 6-февралда кайрылган. Ал жолдошу кол көтөргөн учурлардын бири өткөн жылдын августунда 4-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөдүн биринин короосунда болгонун айтып берген.

Бул боюнча «Бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары милицияда каттодо турган 52 жаштагы шектүү кармалган.

Анын жашаган жеринен эки даана ок атуучу курал, эки даана магазин, беш даана гильза табылган. Тергөө иштери уланууда.