Бишкекте Балдарды реабилитациялоо борборунда төрт айлык ымыркай чарчап калды

Соцкызматкерлер болсо документтигин жоктугунан улам милицияга кайрылышкан.

«Милиционерлер болсо соцкызматкерлер менен бирге баланын бакубат абалы, жаш курагы, жаңы төрөлгөн баланы өзгөчө кароо зарылдыгы сыяктуу факторлорго карабастан, ымыркайды аялдын эркине каршы тартып алып, реабилитациялык борборго тапшырышкан», — деп билдирди Башкы прокуратура.

12-апрелде бала «борбордун медкызматкерлери өз иш милдеттерине шалаакылык мамиле жасагандыгынын кесепетинен» чарчап калган, деп билдирди Башкы прокуратура. Бул факты боюнча «шалаакылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ал арада борбордун башчысы Чолпон Арыкпаева «Sputnik» басылмасына бала «ымыркайлардын капыстан өлүмү синдромунан» көз жумганын айтып берди.

Анын айтымында, кабыл алууда аларга «аялдын балага жолугууга укугу жок экени, ымыркай убактылуу борбордо болушу керектиги айтылган». Ал персонал «бардык иш милдеттерин аткарышканын» белгиледи.