Депутаттын жаңы автобустар канча убакытта өзүн актайт деген суроосуна вице-мэрдин жообу

Бишкектин вице-мэри Мирлан Байгончоков борбор калаага жалпы 124 жаңы автобус алынганын айтып, автобустар өзүн акташ үчүн тариф көтөрүлүшү деп билдирди.
«Накталай эмес төлөм 17 сом накталай төлөм 20 сом, эгерде тариф ушундай калса акталбайт. Тарифти 25 сомго көтөрө турган болсок жана тетиктер кымбаттабай, курс бирдиктүү болсо, автобустар өздөрүн 8-10 жылда актап калат», — деп жооп берди Байгончоков.

Быйыл жыл жаңыргандан кийин коомдук транспортто жол кире акысы 17-20 сом болгон. Пенсионерлер менен майыптыгы бар адамдар үчүн акысыз. Ал эми мектеп окуучулары үчүн жеңилдетилген төлөм карталары киргизилген.