УКМК: «Томми Мол» соода борборунда 335 млн сомдук коммерциялык жайлар мамлекетке өттү

2005-жылы Бишкек мэриясы Токомбаев көчөсүндөгү 0,5 гектар жерди көп кабаттуу үй куруу үчүн жеке ишканага 49 жылга убактылуу пайдаланууга берген. Шартка ылайык, ижарачы турак жайдын бир бөлүгүн муниципалдык менчикке өткөрүп берүүгө милдеттүү болгон. Бирок ал жер башка бир компанияга өтүп кеткен.

«Калаадагы жер тилкелерине укук берүү боюнча комиссиянын жооптуу кызматкерлери жер тилкесинин багытын соода жана оюн-зоок комплексин курууга өзгөртүп, мамлекет турак жайды аз камсыз болгондорго өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Бул бюджетке гана зыян келтирбестен, элдин бийликке болгон ишеничинин начарлашына алып келген», — дешти УКМКдан.

Атайын кызматтан мамлекетке кайтарылган жердеги дүкөндөр жана спорт залдын ижара акысы шаардык бюджетке түшөрүн кошумчалашты.