Жалал-Абад: Тынымсыз жааган жамгырдан улам 42 үйдү сел каптады

Кырдаалды жоюу үчүн атайын штаб түзүлүп, Жалал-Абаддагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 122 куткаруучусу тартылды. Тургундар коопсуз жайга көчүрүлүп, тазалоо иши жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 23-апрелге караган түнү сел каптаган аймакка барып, абалды жеринен көрдү.