Бишкек: Милиция зордук-зомбулукка арызданган аялдын күйөөсүн кармады

Бишкек ШИИБи видеого комментарий берип, окуя Кара-Жыгач конушунда болгонун билдирди. Жабыркаган келин милицияга күйөөсүнө арызданып, «денесине эч себепсиз залал келтиргенин» айтып берген. Факт боюнча «Бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, шектүү кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.

Ошондой эле милиция үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды жана ага күбө болгондорду окуя тууралуу укук коргоо органдарына тез арада кабарлап турууга чакырды.