Эл аралык медициналык үниверситеттин окутуучусу пара алып жатканда кармалды

Маалымат боюнча, милицияга 2023-жылдын ноябрь айынан бери акча талап кылып, окуусуна кысым көрсөтүп жаткан окуутучуга чара көрүү үчүн арыз түшкөн.

Шектүү ИИМдин кызматкерлери тарабынан үниверситеттин имаратында 81 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Окутуучу 35 жаштагы И.А аттуу жаран экени белгилүү болду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.