Күтүүсүз. «Ала-Тоо 24» «Клооптун» Ататүрк паркындагы жер тилкелери боюнча иликтөөсүн баяндап берди

Ошол эле учурда телеканалдын видеосунда «Клооп» жана OCCRP’нин материалына шилтеме берилген эмес, бул тууралуу болгону телеканалдын YouTube’дагы видесунун баяндамысында эле кыскача жазылган.

Мамтелеканал иликтөөгө мэр Айбек Жунушалиев парктын аймагын баштапкы калыбына келтирүү жөнүндө токтомго кол койгондон кийин араң көңүл буруп жатат, башкача айтканда, иликтөө чыккандан кийин беш жыл өткөн соң. Бийлик паркка 43 гектар жерди кайтарып бергиси келүүдө, ал эми андагы мыйзамсыз объектилердин баарын сүрдүрүүнү убада кылууда.