Лейлекте коңшу өлкөнүн жараны ири өлчөмдө баңгизат ташууга шектелип кармалды

Маалыматка караган, шектүүнү боюнча 22-апрель күнү саат 23:10 чамасында Лейлек районундагы Кожент — Ханибадам унаа жолунда токтотушкан. 28 жаштагы Тажикстандын Ж.Э аттуу жаранынан жалпы салмагы 7 кг 734 грамм 14 таңгак табылган.

Кармалган киши Ош облустук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө башталды