Селден жабыркаган аймактарга жардам көрсөтүлөт

Тынымсыз жааган жамгырдан улам өлкөнүн бир катар аймактарында сел жүргөн. Айрым кооптуу делген айылдардын тургундар убактылуу коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Селдин кесепетинен турак-жай, короо жана ички жолдор зыянга учураган. Бирок ӨКМден бул масштабдуу мүнөзгө ээ эмес экенин айтышкан. Селдин кесепетин жоюуга министрлик менен мамлекеттик түзүмдөрдүн күчү жетери кошумчаланган.