«Биз сатып алганбыз». Ататүрк паркындагы жерлердин бир нече ээси президентке кайрылды

Бишкекте Ататүрк паркынын аймагынан жер жана үй сатып алган бир нече жаран мүлктөрү сүрдүрүлүп калышы ыктымалдыган улам президент Садыр Жапаровго жардам сурап кайрылышты. Алар 25-апрелде басма сөз жыйын курушту.

Тургундардын бири Толгонай Султанова алар жер басып албаганын, парктын аймагынан сатып алган үйүнүн кызыл китеби бар экенин, мыйзамсыз болсо, демек «маморгандар эскертип айтышы керек болчу да» деп билдирди.

«Биз мыйзам чегинде укугубузду коргойбуз. Жакынкы күндөрү сотко кайрылабыз. Чынында, сотторго деле ишенич жок. Президент Садыр Жапаровго эле ишенип турабыз», — деди башка тургун Талантбек Исманов.

Басма сөз жыйын курган тургундардын айтымында, алар президентке кайрылуу үчүн кол топтоп жатышат жана кол коюп бергендердин саны 96 адамды түзөт.

12-апрелде мэр Айбек Жунушалиев Ататүрк паркынын аянтын 1992-жылдагы калыбына келтирүү жөнүндө токтомго кол койгон. Шаар бийлиги паркка 43 гектар жерди кайтарып, мыйзамсыз курулган 100дөн ашуун объектти сүрдүрүүнү пландап жатат.