Азия өнүктүрүү банкы Чолпон-Ата шаарына канализация курууга каражат бөлөт

Маалыматта көрсөтүлгөн сумманын 31 млн доллар грант түрүндө, калган 25 млн доллар банктын шарттарына ылайык 32 жылга, анын ичинен 8 жылдык жеңилдетилеген мөөнөт менен насыяга берилери айтылат.

«Бөлүнгөн каражатка Чолпон-Ата шаарында саркынды сууларды кабыл ала турган тазалоочу курулма, 18 канализациялык насостук станциялары, 45,4 км. канализациялык коллекторлору, 108,8 км ички кварталдык канализация түтүктөрү курулат. Аталган калктуу конуштарда жайгашкан баардык пансионаттар, санаторийлер, курорттор жана конок үйлөрү борбордук канализация тармагына кошулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот», — деп айтылат билдирүүдө.

Андан сырткары аталган аймакта тарыхий музей, туристик маалымат борборлору, көлдү бойлоп өтүчүү 11 км жөө жана веложолдорун куруу пландалууда.
Агенттиктен долбоорлордун сметалык жана тендердик документтери даярдалып бүтүп, банктын кароосуна жөнөтүлгөнүн кошумчалашты.