Бишкек: УКМК өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизат сакталган жай аныкталганын билдирди

«Аталган заттардын бири синтетикалык “Альфа-ПВП” дарысы болсо, калган заттар “Мефедрон” синтетикалык дарысынын бөлүктөрү болуп чыкты. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, алынган каражаттардан 10 кг мефедрон өндүрүлүп, ал 10 миң дозадан ашмак, аны сатканда наркы 500 миң долларды түзмөк», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо менен алектенген адамдарды аныктоо иштери уланууда.