Кыргыз-Орус Славян университетинде 26 млн сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсеп палатасынан билдиришкендей, 2020-2022-жылдары бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын сарпталуусу боюнча университеттин ишинин натыйжалуулугуна текшерүү жүргүзүшкөн. Натыйжада окуу жай эки жыл ичинде мамлекеттик бюджеттен 26 миллион 689 миң сомду негисиз алганы белгилүү болгон.

Ошондой эле окуу жай курулуш иштеринин көлөмүн жана өздүк наркын ашыра баалап, «Альфа Телекомдон» ижара акысынан түшкөн акчаны бюджетке которгон эмес. Акчаны натыйжасыз пайдаланып, 18 миллион сомдук стоматологиялык борборду жабдыктары менен акысын албай ижарага бергени аныкталган.

Текшерүүнүн бардык материалдары юридикалык баа берүү үчүн УКМКга өткөрүлүп берилди.