Өлкөдө ИӨБдүн каражатына эки миңдей үй-бүлөнү турак жай менен камсыздоо пландалууда

Келген каражат өлкөнүн бардык аймактарында кийинчерээк сатып алуу шарты менен ижарага жеткиликтүү турак жайларды курууга, ошондой эле «Менин үйүм 2021-2026» мампрограммасынын алкагында өлкө жарандары үчүн ислам каржылоо принциптерине ылайык ипотекалык кредиттерди берүүгө жумшалат.

«ИӨБдүн каражаты өлкөнүн бардык аймактарында болжол менен 112 525 чарчы метр жеткиликтүү турак жайдын курулушун каржылоого багытталган. Божомолдор боюнча 2000ге жакын үй-бүлө турак жай менен камсыз болот», — деп билдирди министрлик.

Жыл башында президент Садыр Жапаров жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үлүштүк катышуу менен турак жай сатып алууга жол берген жарлыкка кол койгон. Батир алууну каалагандар анын жарым баасын алдын ала төлөп, калганын 10-15 жылга чейин ипотекалык шартта төлөө менен ала алышат.

МИК 2015-жылдын декабрында түзүлгөн. Ошол аралыктан бери 9 миңден ашык адам үйлүү болгон. Компания түптөлгөндөн бери инвестиция катары 12 млрд сом тарткан.