Ош, Кара-Суу жана Баткен округдарындагы кезексиз шайлоо аяктады

БШКнын маалыматына ылайык, Оштон 43,75% менен Бекмурза Эргешов алдыга чыкса, Кара-Суудан Илимбек Кубанычбеков 36,16%, ал эми Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан Бактияр Калпаев 41,51% добуш топтоду.
Шайлоочулардын жалпы саны 349 миң 798 адамды түзүп, алардын 20,76%ы — тагыраагы 72 миң 563 киши добуш берди.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, шайлоо округдарында олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок. Ошто 7 мыйзам бузуу боюнча маалымат келип түшкөн, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депуттары Оштон Айбек Осмонов, Кара-Суу районунан Икендер Матраимов, ал эми Баткен округунан Нурлан Ражабалиев мандаттарын мөөнөтүнөн мурда тапшырган. Ага байланыштуу президент Садыр Жапаров жогоруда аталган шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.