Президент Жапаров Бишкектин тургундарын шаар күнү менен куттуктады

Өлкө башчысы өз сөзүндө азыркы Бишкектин аймагында байыркы заманда эле адамдар отурукташканын, кийин Улуу Жибек жолунда бул аймактын маани-маңызы артканын, дегеле бул географиялык аймакта белгилүү окуялар байма-бай болуп келгенине тарых күбө экени белгиледи.

Аны менен катар, археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, калыбына келтирүү боюнча иштер улантылып, тарыхый-маданий жайларды коргоо, сактоо боюнча иш-чаралар колго алынарын айтып өттү.

«Кыргызстандын жүзү болгон Бишкекти баарыбыз сүйө билели жана сыйлай билели. «Бишкек баатырдын ысымын алып жүргөн борбор шаарыбыз ар бир кыргызстандыктын сыймыгына айлансын!» — деди Садыр Жапаров.