Шайлообек Атазов VII чакырылыштын депуттарына басым күчөгүнүн айтты

Шайлообек Атазов

«Парламенттеги эң таза, тажрыйбалуу, чындыкты айткан тайманбас Мадумаровдун мандатын алгандан кийин, 7-чакырылыштагы жаш депутаттардыкын алып коюу жөнөкөй эле ишке айланды. Дегеле 7-чакырылыштын депутаттарына болгондой кысым Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Бул демократиянын, парламентаризмдин мындан ары өнүгүшүнө коркунуч туудурат», – деди ал.

Ошондой эле ал маселе мандаттан ажыратуу процедуралары бузулуп жатканында экенин кошумчалады.

«Жалпы саны жыйырмага жетип калды. Ушунун баарын карап отурган парламенттин төрагасы Шакиев мырза, кайсы кылмыш үчүн алып жатасыңар, кайсы мыйзамдар деп, прокурордон, соттон бир да сурап койбогону анын абайирине байланыштуу иш», – дейт Атазов.

Буга чейин Бишкектин административдик соту жана Свердлов райондук соту Атазовду депутаттык мандатынан ажыраткан. Анын ордуна соттор Борбордук шайлоо комиссиясын Абдурахманхаджи Муртазалиевди депутат деп таанууга милдеттендирген. Атазов соттун чечимине каршы шаардык сотко кайрылган.